Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Комиссия: учактардын Угандага ижарага берилиши мыйзамсыз болгон


Мекемелер аралык жумушчутоп Коргоо министрлигине таандык тик учактардын Угандага ижара берилишин изилдеп чыкты. Натыйжада “Кыргызкурал” ишканасы менен Уганданын Коргоо министрлигинин ортосундагы келишими мыйзамсыз болгон деген тыянак чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Кыргызкурал” Коргоо министрлигинин алдындагы ишкана. Келишимге кол койгон жана ага тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Маалыматка караганда, тик учактар Кыргызстандын аймагында.

Өткөн аптада премьер-министр Темир Сариевдин тескемесинин негизинде, бул маселени иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов Угандага эч ким эч нерсе бербегенин, маалымат туура эмес тараганын “Азаттыкка” ырастаган болчу.

Кыргызстанда буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтүп келген чет өлкөлүк тик учактар камакка алынган учурлар болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG