Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Футбол: Өзбекстан-Йемен 1:0


Өзбекстандын улуттук курамасы. Австралиянын Мельбурн шаары. 22-январь 2015
Өзбекстандын улуттук курамасы. Австралиянын Мельбурн шаары. 22-январь 2015

Өзбекстандын курамасы Йемен футболисттерин 1:0 эсебинде жеңди. 3-сентябрда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда өткөн беттешүүнүн 21-мүнөтүндө коноктордун дарбазасына топту Чимкенттин “Ордобасы” командасынын чабуулчусу Александр Гейнрих киргизди. Бул өзбек футболисттеринин 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпиондукка жолдомо алуу үчүн болгон биринчи жеңиши.

Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы ошентип эки оюндан үч упай топтоп, өз тобунда үчүнчү орунга чыкты. Бул топто Өзбекстан, Йемен, Бахрейн, Филиппин жана Түндүк Корея ойнойт.

XS
SM
MD
LG