Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медал тагынды. Бул тууралуу Азиянын бокс конфедерациясынын расмий сайты кабарлады. Маалыматка караганда, 52 кг. салмакта күч сынашкан Азат Үсөналиев жарым финалда казакстандык Олжас Саттибаев менен беттешкен. 3 раунддун жыйынтыгында мелдеш калыстары жеңишти бир добуштан 3:0 (30:27, 30:27, 30:27) эсебинде казак мушкерине ыйгарышты.
Азат Үсөналиев бул беттеште утулуу менен 3-орунду ээлеп коло байгени алды. Ал буга чейин ушул салмакта 2013-жылы Иорданиянын Амман шаарында Азия чемпиону аталган.
Ушуну менен быйылкы Азия чемпиондугунда кыргыз мушкерлери мелдештерин жыйынтыкташты. Буга чейин чейрек финалда Эрмек Сакенов, Эркин Адылбек уулу жана Өмүрбек Малабековдор атаандаштарына утулуп калышкан. Байге үчүн күч сынашууга Кыргызстандан 10 мушкер барган. (ECh.)