Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Премьер-министр Исмаевдин үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү


Ысык-Көлдө 14 жаштагы майып кызды сактайм деп курман болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө Темир Сариев 100 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Премьер-министр курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын иши экенин билдирди.

ӨКМдин маалымдашынча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаар тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, чөгүп бараткан кызды куткарган жигит суудан чыга албай калган.

Премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрине кырсыктын чоо-жайын тактап, мамлекеттик жардам көрсөтүүнү тапшырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG