Украинанын Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили интернет аркылуу видеокайрылуу жасап, өкмөттү коррупция менен чындап күрөш жүргүзүп, реформаларга тоскоол болбоого чакырды. Саакашвили министрлер кабинетине олигархтардын таасири күчтүү экенин белгиледи. “Мамлекеттик ишканалар кирешени жөнөкөй элге эмес, олигархтарга алып келүүдө”, – деп айтты Саакашвили.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк айтылгандарды жокко чыгарып, Одесса губернаторун жалган маалыматтардан алыс болуусун эскертти.
Бийликтеги коррупцияга каршы күрөшүү жана аткезчилик проблемалары тууралуу Саакашвили буга чейин "Эркиндик" ("Свобода") радиосуна берген маегинде да айткан. Башка кызматка баруу тууралуу суроого губернатор баарына даяр экенин билдирген.
3-сентябрда Украина президенти Петр Порошенконун расмий сайтында коомдук демилге катары Михаил Саакашвилини премьер-министрлик кызматка дайындоо тууралуу өтүнүчтөр жарык көргөн. (SDz)