Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

«Өзүңдү тизмеден такта» акциясы башталат


Кыргыз өкмөтү 6-сентябрдан өлкө боюнча “Өзүңдү тизмеден такта” он күндүк акцияны баштайт. Премьер-министр Темир Сариев билдиргендей, шайлоочулардын тизмесин тактоо негизги маселе бойдон калууда.

- Мен ар бир шайлоочуга өзүңөрдү тактап, биометрикалык маалыматыңарды тапшыргыла деп, кайрылып кетер элем, - деди Сариев.

Акыркы эсептер боюнча өлкөдө биометрикалык маалыматын тапшыргандар 2 млн 700 миңден ашты. Алардын ичинден 2,5 миллиондон ашууну шайлоого катышууга укуктуу. Шайлоого катышуучу жарандардын биометрикалык маалыматын кабыл алуу 20-сентябрга чейин уланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG