Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

АКШ Орусиянын Асад тарапта аскердик аракетине каршы


Сириядагы аскердик операцияларга Орусиянын көмөктөшүп жатканы тууралуу билдирүүгө Вашингтон каршы чыгып, мындай аракеттер дестабилдештирүүгө алып келет деген эскертүүсүн айтты.

Орусия Сириядагы аскер учактарын Асад тарапка жардамдашууга бурганы тууралуу биздин кабарыбыз бар жана биз бул докладды тыкыр көзөмөлгө алдык, – деди Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест.

“Асаддын режимине кандай гана аскердик колдоо болбосун, анын акыбети аймакты туруксуздаштырууга алып келет”, - деди ал.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Сириядагы аскердик кагылышта Орусиянын учактары жана учкучу жок аппараттары Идлиб аймагында жүргөндүгү тууралуу билдирүүлөр чыккан. Такталбаган маалыматтардан учактар Орусиянын заманбап Су-34 согуштук учактары болушу мүмкүн. Себеби мындай үлгүдөгү учактар Сириянын армиясында жок.

Келип түшкөн билдирүүлөргө ылайык, Орусия Сирия лидери Башар ал-Асадда чабуул жасап жаткан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аскерлерине соккуларын узаткан.

Ак үй менен Пентагон азырынча бар маалыматтардын так экенин айтпай жатат.

Ирак жана Сирияда “Ислам мамлекетине” каршы согушуп жаткан эл аралык коалиция катарына Орусиянын кошулушун кубаттаарын билдирүүдө. Кремл 2-сентябрда коалициянын аскердик аракетине кошулуу планы жок экенин билдирип, ошол эле учурда Сирияга аскердик жардам көрсөтүп жатканын да тактаган эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG