Иран жана Кыргызстан эркиндигинен ажыратылган адамдарды бири-бирине өткөрүп берүүгө кызыкдар. Бул боюнча документке мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Иран лидери Хасан Роухани бүгүн кол коёру күтүлүп жатат.
Кабарчыбыз билдиргендей, бир нече мүнөттөрдөн кийин тараптар жалпысынан тогуз документке кол коюшат. Алардын арасында энергетика, айыл чарба жаатында кызматташуу тууралуу меморандум, авиациялык байланыш боюнча макулдашуу, эки өлкө ортосунда телеканалдар боюнча кызматташтык жана башка документтер бар.
Расмий сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Иран лидери Хасан Роухани менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Күндүн соңуна чейин Атамбаев Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани, өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушат.
Президент Атамбаев 6-сентбярда Кыргызстанга кайтып келет. Өлкө башчысы 1-3-сентябрь күндөрү Бээжинде сапарда болду. (SDz/ZMa)