Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Тегеран транспорт байланышын күчөтүүгө кызыкдар


Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун курууну тездетүү зарыл. Бул тууралуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Иран президенти Хасан Роухани белгиледи.

Өлкө башчылары биргелешкен билдирүүдө Иран менен Кыргызстан ортосунда авиабайланышты калыбына келтирүү боюнча пикирлерин айтышып, тийиштүү кызматтар меморандумга кол коюшту.

Тараптар бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн соода-палатанын кызматташтыгын өркүндөтүүгө токтолушуп, өлкөлөрдө байма-бай жармаңкелерди өткөрүп туруу зарылчылыгын белгилешти.

Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен 120 млн. калкы бар рынокко чыкканын белгилеп, ирандык ишкерлердин Кыргызстанга келип, бизнесин улантууга чакырып өттү.

Өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани ишкерлер арасында Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына кызыгуусу бар экенин белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууга Иран мамлекети даяр экенин белгиледи.

Күндүн соңуна чейин президент Алмазбек Атамбаевдин Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани, өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушуусу күтүлүүдө. (ZMa)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG