Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Роухани “Манас” авиабазасынын жабылышын кубаттады


Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын лидери Хасан Роухани
Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын лидери Хасан Роухани

Иран президенти Хасан Роухани Кыргызстандын көз карандысыз саясатын жана “Манас” жүк ташуучу борборунун жабылышын колдоого алды. Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн соңунда журналисттерге маалымат берип жатып Роухани:

- Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз саясатты алып барууда. Сиздер “Манас” авиабазасынын жабуу тууралуу маселелерде аягына чейин турдуңар. Бул биздин эл аралык жана аймактык маселелерде көз карашыбыз бирдей келгенинен кабар берет. Мындан ары терроризм менен күрөшүүдө бирге кызматташабыз”, – деди.

Өз кезегинде кыргыз президенти Ирандын ядролук программа боюнча “алтылык” менен жетишкен ийгиликтерин оң баалайбыз деп мында Ирандын ролу күчтүү болгонун белгиледи.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Иран мамлекетине расмий сапары уланууда. Мамлекет башчысы башында турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, энергетика министри Кубанычбек Турдубаев, экономика министри Олег Панкратов жана башкалар бар.

Алдыда Атамбаевдин Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани, өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушуусу күтүлүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG