Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

ИИМ шайлоого даяр экенин билдирди


Ички иштер кызматкерлери шайлоо күнү коопсуздукту камсыздап берүүгө толугу менен даяр. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, президенттин жарлыгынын негизинде атайын министрдин буйругу чыккан. Анын натыйжасында толугу менен иш мерчемдер иштелип чыкты.

"Бардык күчтөр кайсы жерге орноштурулушу керек, шайлоо күнү кандай иш алып барабыз, бардык пландарыбыз түзүлдү. Жер-жерлерде дагы аймактык бөлүмдөрдө штабдар түзүлдү, биз шайлоого даярбыз", - деди Курсан Асанов

3-сентябрда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Темир Сариев, шайлоодогу үгүт учурунда милиция кызматкерлери бардык партиялардын эл менен жолугушууларында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча иштерди алып барарын айткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG