Тажикстандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан менен чектеш Баткендеги чек ара бөлүмдөрүн күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрдү. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз чек арачылар тажик кесиптештери менен тыкыр байланышта болуп, оперативдүү маалыматтар менен кабардар болууда. Кыргыз чек ара кызматы кошуна өлкөдөгү окуяга дыкат байкоо салып турганы айтылды.
Тажикстандагы абалга байланыштуу Баткен милиция кызматкерлерине да 5-сентябрда өзгөчө тапшырмалар берилген. Ага улай жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин да алып баруу зарылдыгы белгиленген эле.
4-сентябрда Тажикстандын Вахдат шаарында согушчандар күч кызматкерлерине чабуул жасагандан кийин, атайын операция башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Куралдуу кагылыш учурунда 20дан ашык адам өлгөнү айтылууда. (SDz)