Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Австрия жана Германия миңдеген качкынга чек араны ачты


Ишембиде Сириядан келген качкындарды кабыл алууга Австрия жана Германиянын бийлиги макул болду. Австрия бийлигинин маалыматында өлкөгө 6 миңден ашык мигрант келди. Германия менен чектеш Зальцбург шаарында гумантардык уюмдардын ыктыярчылары качкындарга жылуу кийим жана бут кийимдерди беришти.

Ал эми Баварияга атайын поезд 7 миңге чукул мигрантты жеткирди. Мюнхендин полициясы кабарлагандай, араб котормочулары качкындарга каттоону өтүү эрежелерин түшүндүрүп берип жатат.

Мигранттар абал Венгрияга караганда жакшы экенин айтышууда. Ал жакта качкындар башаламандыкка туш болуп, адамдар чогулган жер түртүшүү, урушуу менен коштолгонун эстешти. Ишемби күнү кечинде Венгриянын бийлиги атайын автобустарды бөлүп берип, миңдеген мигранттарды Австриянын чек арасына жеткирди.

Ишемби күнү Балкандан Будапештке дагы жүздөгөн жаңы качкындар келди. Алар Балканга Түркия жана Греция аркылуу келишүүдө.

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө аскердик согуштан улам, ал өлкөлөрдөн миңдеген тургундар башка өлкөлөргө качууга аргасыз болууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG