Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Назарзоданын тобу айына 100 доллардан алып турган


Тажикстандын ИИМи Ходжа Халим деген ат менен белгилүү Абдухалим Назарзоданын тобу тууралуу жаңы маалыматтарды ачык айтып, алар айына 100 АКШ доллары жана азык-түлүк алып турганын билдирди.

Министрлик азырынча каражаттардын булагы тууралуу ачык айта элек. Маалыматта камтылгандай, Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери Хожи Сирож деген ысым менен белгилүү Сирождин Одинаев топтун казыначысы болгон. Кылмыштуу топ 4-сентябрга караган түнү Хожи Сирождун үйүнө чогулганы тууралуу тажик милициясы маалымдады.

ИИМ буга чейин кылмыштуу топко жардамдашкан деген негизде Коргоо министрлигинин эки офицерин кармаган. Билдирүүдө алар подполковник Мустафо Назаров жана майор Насима Юсуфов экени айтылат. Бирок, Коргоо министрлиги азыркыга чейин тажик милициясынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Мындан башка Абдухалим Назарзоданын тобуна тиешеси бар деп отставкадагы эки офицер сурак берүүдө.

4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө жана Коргоо министрлигинин аппаратына куралдуу кол салуудан 20дан ашык күч кызматкери каза болгон. Анын ичинде тогуз милиция кызматкери набыт болгон.

Тажикстандын ИИМи коргоо министринин мурдагы орун басары Халим Назарзоданы чабуулдун башында турган деп айыптоодо. Окуядан соң расмий бийлик генералды Ромит капчыгайына кире качканын айтып, ушу маалда Назарзода жана анын шериктерин кармоо операциясы уланып жатканын кабарлоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG