Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Австралия сириялык качкындарды көбүрөөк кабыл алууга даяр


Австралиянын премьер-министри Тони Эббот жекшембиде Сирия менен Ирактан качкындарды көбүрөөк кабыл алууга жана гуманитардык операциялар үчүн каржылык колдоону көбөйтүүгө даяр экендиктерин билдирди. Эббот сарпталчу каражаттын так санын айткан жок. Премьер-министрдин ырасташынча, башкы көңүл Жакынкы Чыгыштагы качкындар лагерлеринде жашап жаткан азчылыктардын өкүлдөрүнө бөлүнөт.

Айрым маалыматтар боюнча, Эббот мындай чечимге өлкөдөгү кээ бир саясатчылардын басымынан кийин келген.

Бул жумада Австралиянын өкмөтү “ИМ” тобу менен күрөшүп жаткан эл аралык коалицияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алары күтүлүп жатканын Reuters агенттиги маалымдады.

2014-жылдын июль айынан бери Австралия бүткүл дүйнө жүзүнөн 13750 качкынга башпаанек берген, алардын үчтөн экисине жакыны Ирак менен Сириядан келген качкындар. 2018-жылга чейин Австралия дагы беш миңдей качкын кабыл алмакчы.

Ишембиде Австрия менен Германия миңдеген мигранттарды киргизишти. Алардын көпчүлүгү бир нече күн мурун Балкан аркылуу Венгрияга өткөн сириялыктар.

XS
SM
MD
LG