Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Өзбекстандык чек арачылар кыргыз жаранын жарадар кылды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Жалал-Абад жана Наманган облустарынын ортосундагы аймак.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Жалал-Абад жана Наманган облустарынын ортосундагы аймак.

Өзбекстандын Наманган облусундагы ооруканада октон жараланган кыргыз жараны дарыланууда. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, ага 4-сентябрь күнү чек араны мыйзамсыз бузуп, Өзбекстандын аймагына кирип барганы үчүн коңшу өлкө жоокерлери курал колдонгон. Окуя Наманган облусундагы Янги-Курган районунун Гулистан аймагында болгон. Кыргызстандык жаран мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга 300 метрдей кирип кеткени айтылууда. Ок анын жоон санына тийген.

Бул окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара башчылары телефон аркылуу байланышып, абалды талкуулады. Өзбек тарап жараланган кишинин абалы дурус экенин, сакайгандан соң мекенине жөнөтүлөрүн айтты.

Өзбекстандын Наманган облусу Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен чектешет. (SE)

XS
SM
MD
LG