Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Германия миңдеген качкындарды кабыл алды


Сириялык, ооганстандык жана ирактык миңдеген мигранттардын Германияга агылуусу уланууда. Берлин 5-сентябрда 11 миң, 6-сентябрда 10 миңден ашуун качкын келгенин билдирди.

Мурдараак Венгрия расмийлери Австрия жана Германияга бараткан мигранттардын жолун тосуп, Европа биримдигинин тартиби боюнча каттоодон өтүшү зарылдыгын билдирген.

Германия бийлиги Венгрия аймагындагы бардык качкынды кабыл алууга даяр экендигин белгилеп, Будапештке мамлекеттеги мигранттарды каттоо талабын койгон. Буга Австрия да макулдугун билдирип, Венгриядагы качкындарды өз аймагы аркылуу Германияга өткөрүп жиберди.

Сербия аркылуу келген он миңдеген мигрантты атайын лагерде кармаган Венгрия ишемби күнү алар үчүн чек араны ачты.

Германия жана Австрия расмийлери качкындарды өткөрүү - гуманитардык каатчылык коркунучун азайтуу үчүн ишке ашырылган бир жолку чара экенин, мындан ары андай болбой турганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG