Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Үгүт ишине катышкан салыкчылар кызматтан алынат


Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги Жогорку Кеңешке шайлоо маалында саясий партияга салыкчылар тарабынан үгүт жүргүзүлүшүнө тыюу салды. Аны республикалык салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов өткөн жума соңунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда салыкчылар менен жолугушкан учурда билдирди.

Эрежеге баш ийбегендер мекеменин ички тартип жоопкерчилигине тартылат, жумуштан алынарын мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков "Азаттыкка" айтты.

Мамлекеттик салык кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кабарлашынча, мурдагы шайлоолордо салык кызматкерлерин үгүт иштерине тартуу фактылары аныкталган.

Кыргызстанда салык кызматынын 65 органы бар, анда 2300 салыкчы иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG