Коргоо министринин мурдагы орун басары Абдулхалим Назарзоданы жана анын жан-жөөкөрлөрүн издөө иштери борбор Душанбеден 150 чакырымдай чыгыштагы Рамит капчыгайында жүрүүдө.
Тажик Ички иштер министрлиги билдиргендей, Назарзода жана анын адамдары 4-сентябрдагы кол салуудан кийин ушул капчыгайды көздөй качышкан.
Душанбеде жана анын чет жакасындагы Вахдат районунда өткөн жума күнү милиция бекеттерине жасалган кол салуудан жана андан кийинки атышуулардан 26 адам, анын ичинде тогуз милиция кызматкери мерт болду.
Президент Эмомали Рахмондун кечээги билдирүүсүнө караганда, чабуулду “Ислам мамлекети” тобунун көз караштарын бөлүшкөн согушкерлер жасашкан.
Тажик бийликтери кол салууну уюштурду деп айыптап жаткан генерал Назарзода 1990-жылдары мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү болгон. (UE)