Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ысык-Көлдө унаа кырсыктан жабыркаган балдар көбөйдү


Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда 277 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 66 адам каза болсо, 453 киши ар кандай деңгээлде жаракат алды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан маалыматына ылайык, акыркы учурларда жашы жете электер кириптер болгон жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Акыркы 8 айда автокырсыктан 9 өспүрүм көз жумуп, 67 бала жаракат алган.

Мындан улам облустук жол кайгуул кызматы айдоочулар үчүн жол эрежесин сактоо боюнча эскертмелерди чыгарып, ага жол кырсыгынан каза болгон, жаракат алган жана башка келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар камтылды. (AsA)

XS
SM
MD
LG