Орусия президенти Путин Борбордук аскердик округдун күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү капыстан баштады.
Коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, Борбордук аскер округу толугу менен, ал эми калган округдардын авиациясы, аба- десант күчтөрү 7-сентябрдан 12-сентябрга чейин күжүрмөн даярдыкка келтирилди.
Аскердик полигондордогу машыгуулар учурунда аба-десант күчтөрүнүн узак аралыкка жана башка аймактарга ташталуу жөндөмү текшерилет.
Орусиялык РБК агенттигинин жазганына караганда, машыгуулар учурунда саламаттык сактоо, өнөр жай жана соода, айыл чарба министрликтеринин, материалдык резерв жана медициналык-биологиялык агенттиктин согуш шартында иштөө жөндөмү да текшерилүүдө.
2014-жылдын жазынан бери орус аскерлери бир нече ири машыгууларды өткөрдү. Алардын саны көбөйүшүнө Батыш өлкөлөрү тынчызданып келет. (UE)