Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШ Тынчтык корпусунун ыктярчыларына виза алуу кыйынга турууда


County Director Peace Corps Kyrgyzstan
County Director Peace Corps Kyrgyzstan

Кыргызстанга эки жылга келген америкалык ыктыярчыларга кийинки жылга виза алууда маселелер жаралганын Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Тамми Харрис “Азаттыкка” билдирди.

Харристин айтуусунда, тоскоолдуктар Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен 1993-жылкы бир катар келишимдерин үзгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

- Тынчтык корпусу АКШ менен Кыргызстандын башка 1992-жылкы келишими аркылуу ишин алып барат. Албетте, кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бардык чет элдик уюмдар кандай багытта, максатта, кайсыл келишимдердин негизинде иш алып барып жатканын иликтеп жатканын түшүнөбүз. Дыкат карап чыккандан кийин кыргыз бийлиги Тынчтык корпусунун ишин толугу менен колдооруна үмүт артып турабыз.

Кыргызстанда Тынчтык корпусу 1993-жылдан бери иштеп келет. Учурда уюмдун 120 чукул ыктыярчылары өлкөнүн ар кайсыл аймактарында англис тилин үйрөтүп жүрүшөт. (SA)

XS
SM
MD
LG