Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Путин: Орусия чет элдик дары-дармектин импортуна тыюу салбайт


Владимир Путин
Владимир Путин

Президент Путин бул тууралуу бүгүн “Бүткүл орусиялык элдик майдандын” саламаттыкты сактоо маселелерине арналган форумунда билдирди. Анын айтымында, Орусия чет элдик дары-дармектин жана медициналык техниканын импортуна тыюу салбайт. Орус президенти белгилегендей, Орусия дары-дармек өндүрүшүн өзүндө күчөтүшү керек.

Орусиянын өнөр-жай жана соода министрлиги орус, беларус, казак, армян өндүрүшчүлөрү чыгарбаган учурда гана четтен сатып алууга мүмкүн болгон медициналык жабдуулар менен буюмдардын тизмесин кеңейтүүнү өткөн айдын башында сунуш кылган эле.

Бирок орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ушул айдын башында орус өндүрүшчүлөрү чыгара баштмайынча Орусия чет элдик медициналык техниканы сатып ала берерин айткан.

Украин кризисинен улам Орусия жана Батыш өлкөлөрү буга чейин бири-бирине каршы соода санкцияларын киргизген.

Орусиянын өзүнөн чыккан дары-дармекке жана медициналык техникага тыюу салуу демилгелери мына ушундан улам көтөрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG