Ахмед Давутоглы мындай убаданы согушкерлердин кол салуусунан он алты түрк аскери мерт болгондон кийин бүгүн жасады. Ал теледен сүйлөгөн учурунда ачуулангандай, “Түркиянын тоолору террорчулардан толук тазаланышы, тоолор террорчулардын колунда болбошу керек” деп билдирди.
Түркиянын армиясы бүгүн маалымдагандай, алар Ирак менен чек арадагы тоолордо күрт козголоңчуларынын 23 жатагына абадан сокку урду.
Мунун алдында өткөн түнү Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хаккари провинциясында, армиянын кербенине кол салынганда он алты аскер каза таап, кеминде алтоосу жаракат алды.
Президент Режеп Эрдогандын айтымында, аскерлерге кол салгандар минаны пайдаланышкан.
Кечээ түрк президенти коопсуздук күчтөрү июлдан бери Күрт жумушчу партиясы – ПККнын 2000дей согушкерин жок кылганын, аларга каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн белгилеген. (UE)