Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:31

Бишкек жана Оштон башка аймактарда кошумча добуш берүү участоктору ачылбайт


Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Баатырова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, кошумча добуш берүү жайлары Бишкек жана Ош шаарларында ички миграциянын агымы күч алганына байланыштуу ачылууда.

-Бишкекте 200 миңден ашуун ички мигранттар бар, алардын баары биометрикалык маалыматтарын Бишкекте тапшырышкан. Алар кошумча түзүлгөн добуш берүү тилкелерине алдын-ала барып катталууга тийиш.

Баатырованын айтуусунда, ар бир жаран добуш берүү үчүн шайлоо участогуна паспортун көтөрүп барып, добуш берүүгө тийиш. Кошумча шайлоо участогунан добуш берген жаран катталган жеринен барып шайлоого укугу жок.

Бишкекте 39 кошумча добуш берүүчү участок ачылат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 14 саясий партия катышууда.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG