Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:43

Бишкек мэриясы: "Ата-Мекен" "Тазалыктын" жетекчисине басым жасаган


"Ата-Мекен" партиясы Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчисине басым жасап келишим түзгөн. Партиянын үгүт жарнактары боюнча чыккан чууга байланыштуу мэрия ушундай комментарий берди.

Мекеменин пресс-кызматынын жетекчиси Гуля Алманбетованын айтымында, "Тазалык" ишканасынын муниципалдык мүлктү жеке ижарага берүүгө укугу жок болчу. Ал "Ата-Мекенден" башка бир да партия менен келишим түзгөн эмес. Алманбетова "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашевдин азырынча кызматтык жоопкерчилиги карала электигин айтты. Өзү менен эки күндөн бери байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Бул маселе кечээ Боршайкомдо каралып, мэриянын аракети мыйзамсыз деп аталган. "Ата-Мекен" да шаар бийлиги мыйзам бузганын далилдеген. Партиянын маалыматы боюнча, мэрия төрт күн ичинде 56 жарнаманы сыйрып салган. (JM)

XS
SM
MD
LG