9-сентябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөшү мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 18...23 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29° жылуу болот.