Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АКШ элчиси Гуолтни: Жыйырма жылдык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулабыз


АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Шейла Гуолтни эки өлкө ортосунда соңку жыйырма жыл бою өнүгүп келаткан кызматташтыкты, маданияттар жана идеялардын өз ара алмашуусун кеңейтүүгө умтулууда. Бул тууралуу элчилик тараткан билдирүүдө айтылат.

Гуолтни айым 1999-2002-жылдары Бишкектеги элчиликте жетекчи орун басары болуп иштеп кеткенин, андыктан кайрадан Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканына кубанычта экенин айтууда.

Шейла Гуолтнини Кыргызстанга элчи кылып дайындоо тууралуу чечимин АКШ президенти Барак Обама 28-августта расмий жарыялаган. Ага чейин анын талапкерлиги Сенатта колдоо тапкан.

2011-жылдан 2014-жылга чейин Москвадагы АКШ элчисинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин (2008-2011-жылдары) АКШнын Санкт-Петербургдагы Башкы консулу болуп кызмат өтөгөн. Ал Дэвис шаарындагы Калифорния университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп, бакалавр даражасына жана Вашингтон шаарындагы Жорж Вашингтон университетинин ошол эле адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон. Мамлекеттик департаменттин “Жогорку деңгээлдеги ардактуу сыйлык” жана “Өзгөчө сиңирген эмгектер үчүн” сыйлыктарына ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG