Ош шаарындагы Балдардын реабилитациялык борборунда мектепке чейинки курактагы майып балдар үчүн атайын класс ачылганы жатат. "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбор" уюмунун маалыматына караганда, 10-сентябрдан тарта «Smile.KG» коомдук фондунун демилгеси боюнча ишке ашырыла турган долбоорго каржылык жардамын «Сорос-Кыргызстан» фонду көрсөтүүдө.
Балага жомок айтып берип, анын аң-сезимине таасир этүү ыкмасы психологиялык терапияда кеңири колдонулуп келет.
Борбордо ата-энелер үчүн да майып балдарды коомго аралаштырып, алардын билим, тарбия алууга болгон укугун коргоо жаатында лекциялар уюштурулат.
Кыргызстанда 26 миң бала майыптыгы боюнча расмий каттоодо турат, бирок ата-энелердин жана укук коргоочулардын эсебинде, бул сан 30-40% көп. (RK)