Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

ЕАЭБ: Өкмөт башчылардын жыйыны өтүүдө


ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммити Гродно шаарында өтүүдө
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммити Гродно шаарында өтүүдө

Ушу тапта Беларустун Гродно шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ага Армения, Беларус, Кыргызстан, Орусиянын премьер-министрлери Овик Абраамян, Андрей Кобяков, Темир Сариев, Дмитрий Медведев жана Казакстандын вице-премьери Бакытжан Сагинтаев катышууда.

Алгач Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары негизделген уюм кийин кеңейип, Евразия экономикалык биримдиги болуп кайра түзүлгөн. Кыргызстан ага быйыл 12-августта толук укуктуу мүчө болуп кирди.

Бүгүнкү жыйында премьер-министрлер уюмдун алкагында саясий-экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерин талкуулашат. (RK)

XS
SM
MD
LG