Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Ошто 2-12 жаштагы кыздарды "хужурада" жашыруун окуткан аял аныкталды


Ошто кичине кыздар үчүн мыйзамсыз диний окууларды уюштурган аял аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ал ата-энеси Орусияга мигрант болуп кеткен кыздарды үйүндө кармап, Кыргызстанда тыюу салынган китептер боюнча окутуп келген. Эң кичүүсү 2, улуулары 12 жаштагылар.

Жашыруун түрдө окутуунун бул ыкмасын адистер хужура деп атайт.

Учурда ал аялдын үйүнөн тинтүү учурунда алынган түрдүү китептер жана башка диний адабият теологиялык экспертизадан өткөрүлүүдө.

Милициянын маалыматына караганда, соңку жылдары Кыргызстанда экстремизмге үндөгөн жашыруун аракеттер күчөп, буга аялдар көп тартылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG