Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Дюк университети: Уйкусуздук эркектерге караганда аялдарды көп жабыркатат


Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк укташы керек дешет АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Дюк университетинин окумуштуулары. Уйкусуздук маалында эс албоодон улам эркектерге салыштырмалуу аялдардын психикасы менен денеси көбүрөөк чарчайт. Маалы менен эс албаган аялдар жүрөк, кан тамыр оорулары, депрессияга чалдыгып, психологиялык жактан жабыркап калат.

Окумуштуулар тажрыйба жүргүзгөндө жеткиликтүү уктап, эс албаган аялдар эртең менен абдан ачуулуу болору аныкталды. Мунун себебин окумуштуулар аялдар мээсин жана денесин эркектерге караганда көбүрөөк иштетип, жан аябай күн бою аракет кылганы менен түшүндүрүшөт.

Англиядагы Лафборо университетинин уйку изилдөө борборунун директору Жим Хорн күндүз адам мээсин канчалык көп иштетсе, ошончолук уйкуга муктаж экенин, уктаганда гана ой жүгүртүү, эс тутум, тилге байланыштуу мээнин кортекс аттуу бөлүгү жаңырып турарын эскертет.

Адистер орточо уйку өлчөмүн 7 сааттан 9 саатка чейин деп белгилөөдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG