Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Тажикстан генерал Назарзодага расмий айып такты


Тажик коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Назарзода.
Тажик коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Назарзода.

Тажик бийликтери өткөн аптадагы чабуулдардан соң кызматынан алынган коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзодага бир канча айып такты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы ага бүгүн "мамлекетке чыккынчылык кылды", "террордук чабуул жасады" жана "экстремисттик топ түзгөн" деген айыптар тагылганын жарыялады.

Коопсуздук күчтөрү генерал Назарзода баштаган топту издөөнү улантууда. Ал бир канча шериги менен Дүйшөмбүдөн чыгышка карай 150 чакырым аралыктагы Рамит капчыгайында жашырынып жүргөнү айтылууда.

4-сентябрда эртең менен тажик баш калаасынан 20 чакырымдай жердеги Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине жасалган чабуулдарда 9 милиция кызматкери мерт болуп, алтоо жаракат алган. Тажик бийлиги бул чабуулдар үчүн генерал Назарзоданы айыптап, президент Рахмон аны ошол эле күнү коргоо министринин орун басарлыгынан бошоткон. Ал ошондон бери качып жүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, куралдуу топту жок кылуу операциясы башталгандан бери анын 17 мүчөсү окко учуп, ондогон өкүлү кармалды.

XS
SM
MD
LG