Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн барган кыргызстандыктар жүздөп саналат, бүгүнкү күнгө карата алардын 45и ошол жактан ажал тапты. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, ал жакка кеткендердин 122си аялдар, 83ү өспүрүмдөр. Үй-бүлөсү менен кеткен фактылардан 63ү катталган. (RK)