Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

“Ата Мекен” экстремисттин атасы тизмеде деген маалыматты төгүндөдү


“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 75-орундагы аравандык Патидин Вахабовдун уулу Сириядагы согушкерлерге кошулуп кеткен деген маалыматты аталган партиянын басма сөз кызматы төгүндөдү. Патидин Вахабов өзү да бул кабар чындыкка дал келбестигин белгилеп, муну шайлоо алдындагы атайын каралоо деп сыпаттады:

-Менин уулум Аббасбек Вахабов 2011-жылы казак-түрк университетин бүтүрүп, ошол жылы Green card утуп алып АКШга кеткен. Азыр Чикаго шаарындагы ишканалардын биринде менежер болуп иштейт. Керек болсо дарегин да бере алам.

Мурдараак Аравандын айрым тургундары Патидин Вахабовдун уулу согушкерлерге кошулуп кеткенин “Азаттыкка” кабарлаган эле. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG