Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

ЕАЭБ: Сариев 1-октябрга чейин чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү жоюуну өтүндү


Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдиги боюнча шериктештердин аймагына ташылуучу товарларды чек арадан ветеринардык текшерүүгө алуу токтотулушу керек. Бул тууралуу бүгүн Беларустун Гродно шаарында өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев билдирди.

Ал Кыргызстан бул уюмга мүчө болуп расмий түрдө киргени менен чек арадан адамдардын жана товарлардын эркин өтүүсү камсыз болбой жатканын айтты.

- Чек арада ветеринардык көзөмөлдү жоюп, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБ уюмунуку менен бирдей деп таанууну жана 1-октябрдан тарта Кыргызстандан ташылуучу эт, сүт азыктарынын тарифтик квота маселесин чечүүнү суранабыз, - деди Сариев.

Алгач Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары негизделген уюм кийин кеңейип, Евразия экономикалык биримдиги болуп кайра түзүлгөн. Кыргызстан ага быйыл 12-августта толук укуктуу мүчө болуп киргенде өкмөт мындан ары жарандар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр уюмдун алкагында эч тоскоолдуксуз өтүп жүрө аларын убада кылган. Бирок иш жүзүндө абал мурдагыдай эле болуп жатканын кыргыз-казак чек арасы аркылуу товар ташып оокат кылган кыргызстандык ишкерлер айтууда.

Казакстан мындан бир нече жыл мурда ветеринардык талапка жооп бербейт деген негизде Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын алып кирүүгө тыюу салып койгон. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG