Орусиянын Борбордук банкынын баяндамасына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанга 570 миллион доллар которулду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 40% аз экени билдирүүдө белгиленген.
Тажикстандыктар жөнөткөн акчанын көлөмү 696 миллион долларды түзөт, бул былтыркыга караганда 58% кем. Ал эми Өзбекстанга 686 миллион доллар которулган, бул көрсөткүч 2014-жылдын ушул мезгилине караганда 55% аз. Казакстанга жөнөтүлгөн акча да 30% кыскарган.
Адистер акча которуулардын азайышына Орусиядагы экономикалык каатчылык жана рубль кунунун түшүп кетиши себеп болгонун көрсөтүүдө. (SE)