Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Кызыл-Кыядагы №13 жатак мектеп быйыл да балдарды кабыл алган жок


Бул тууралуу аталган жатак мектепке кабыл алынбай калган балдардын ата-энелери кабарлашты. Алардын божомолунда, шаар жетекчилиги билим берүү мекемесин менчиктештирүү үчүн балдарды атайлап кабыл албай жатышат.

Бирок Кызыл-Кыя шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Клара Каримова муну негизсиз деп атады. Анын айтуусунда, жатак мектеп Билим берүү министрлигинин жөндөө программасына кирген. Мындан ары жатак мектеп жоюлуп, ордуна балдар бакчасы түзүлөт.

Кызыл-Кыя шаарындагы №13 жатак мектеп шаардагы жалгыз интернат тибиндеги билим берүүчү мекеме. Учурда анда 130 бала окуйт. Акыркы эки жылдан бери 1-класска окуучулар кабыл алына элек. (YI)

XS
SM
MD
LG