Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Медведев: Улуттук акчаны жарыша нарксыздандыруу зыян


Азыркы мезгилде жарыша девальвацияга баруу зыян. Мындай пикирин бүгүн Беларустун Гродно шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын жыйынында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

- Улуттук валютаны арзандатуу аркылуу тышкы сооданы көбөйтүү азгырыгына барбайлы. Бул жол бир катар тармактарда туруктуулукту жок кылышы ыктымал, - деди Медведев.

Орус өкмөтүнүн башчысы ЕАЭБ жаңыдан түзүлүп жаткан мезгилге салыштырганда азыр оор экономикалык абалда турганын, жалпы дүйнөлүк кырдаал түшүнүксүз болуп, Орусияга санкциялык басым кошул-ташыл болуп жатканын, мунун баары ар бир мүчө өлкөгө таасирин тийгизип келатканын кошумчалады.

Орус рубли соңку кезде кескин арзандап, куну кетүүдө. Жакында Казакстан улуттук валютасын эркин коюп, тенге да кескин девальвация болду. (UeZ/RK)

XS
SM
MD
LG