Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Ниша Бисвал Бишкекке келди


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал иш сапар менен Бишкекке келди. Бүгүн ал президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечек маселелерин талкуулады.

Ниша Бисвалдын Бишкектеги сапары эртең да уланат. Ал кыргызстандык ишкерлер, студенттер менен жолугуп, уланып жаткан кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулайт.

Быйыл 20-августта кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен 1993-жылы кабыл алынган келишимди бир тараптуу денонсациялаган. Буга июнь окуялары боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШда сыйлык берилиши себеп болгону айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG