Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Издөөдөгү тажик генералынын дагы 3 шериги кармалды


Тажикстан -- Генерал Назарзода изделип жаткан Рамит капчыгайы.
Тажикстан -- Генерал Назарзода изделип жаткан Рамит капчыгайы.

Тажикстандын Рамит капчыгайында коргоо министринин мурдагы орун басары, Дүйшөмбү менен Вахдат шаарындагы милиция бөлүмдөрүнө кол салууга айыпталып жаткан генерал Абдухалим Назарзоданын дагы үч шериги колго түштү. Өлкөнүн ички иштер министрлиги муну менен кармалгандардын жалпы саны элүүдөн ашканын кабарлады. Капчыгайдагы издөө иштери уланууда.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бүгүн генерал Назарзодага "мамлекетке чыккынчылык кылды", "террордук чабуул жасады" жана "экстремисттик топ түзгөн" деген айыптар тагылганын жарыялаган.

4-сентябрда эртең менен тажик баш калаасынан 20 чакырымдай жердеги Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине жасалган чабуулдарда 9 милиция кызматкери мерт болуп, алтоо жаракат алган. Тажик бийлиги бул чабуулдар үчүн генерал Назарзоданы айыптап, президент Рахмон аны ошол эле күнү коргоо министринин орун басарлыгынан бошоткон. Ал ошондон бери качып жүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, куралдуу топту жок кылуу операциясы башталгандан бери анын 17 мүчөсү жок кылынды.

XS
SM
MD
LG