8-сентябрда саат 14:30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 110-111-чакырымында күйүүчү май ташып бараткан унаа оодарылып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, унаадагы 40 тонна мазут төгүлгөн деген маалымат бар. Окуя болгон жерде ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы Канатбек Чыныбаев жетектеген ыкчам топ иштөөдө.
Кырсыкка күбө болгондордун “Азаттыкка” билдиришинче, унаадагы күйүүчү май жолду бойлой аккан Кара-Балта суусуна да төгүлгөн. ӨКМ бул маалыматты азырынча тастыктай элек. (ZKo)