Беларус президенттигине мурдагы талапкер, саясий бозгун Алесь Михалевич беларус-литва чек арасында чек арачылар тарабынан кармалды. Ал өзү "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна телефон аркылуу Вильнюс-Минск поездинде баратканда чек арадагы Гудогай деп аталган беларус бекетинде кармалганын кабарлады. Михалевич кармаларын күн мурунтан эле билгенин, Беларуста эркиндик жоктугун айткан.
Алесь Михалевич Беларуста 2010-жылдын 19-декабрындагы президенттик шайлоо күнү массалык тополоң иши боюнча камалган. Эки айдан соң аны үй камагына чыгарышкан. 2011-жылдын мартында ал Чехияга качып өтүп, саясий баш паана алган. Беларус баш прокуратурасы ага эл аралык издөө салган.
Анын аялы эки кызы менен Минскте калган эле.