"Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясындагы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин Бишкек шаар соту 8-сентябрда кабыл алды. Кечээ Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук прокуратурасынын арызын караган. Натыйжада шаар соту Биринчи Май райондук сотунун үстүбүздөгү жылдын 29-майында чыгарган чечимин жокко чыгарып, Алмазбек Абековду сот залынан камакка алды. Абеков УКМКнын тергөө абагына камалды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, шаар сотунун чечими мыйзамга туура келбейт:
-Анткени, прокуратура комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө каршы гана доо арыз берген. Абековдун баш коргоо чарасы боюнча доо арыз жок болчу. Биз сот кеңешүүгө кеткиче бул тууралуу билген эмеспиз. Бишкек шаар соту Сания Борончаева жетектеген соттук коллегиянын үстүнөн мыйзамсыз чечим кабыл алганы үчүн кылмыш ишин козгоону сурап Башкы прокуратурага кайрылабыз.
Бишкек шаар соту комплекстүү экспертиза жүргүзүү тууралуу да райондук соттун чечимин жокко чыгарды.
Адвокат Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасы боюнча шаар сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылмакчы.
УКМК «Альфа Телекомдун» ошол кездеги башкы директору Азамат Мурзалиевди, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду 2012-жылдын январь айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Кийинчерээк Мурзалиев менен Аман уулу үй камагына чыгарылып, Абеков тергөө абагында калган. Үч жарым жыл УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Абековду Биринчи Май райондук соту 29-майда баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.(ZKo)