Иш-чараны Элдик курултай кеңеши уюштурууда. Тегерек үстөлгө БШК мүчөлөрү, жарандык коом, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Анда 4-октябрда болуучу парламенттик шайлоонун мыйзамдуулугу тууралуу кеп болмокчу. Уюштуруучулардын бири, Элдик курултай кеңешинин мүчөсү Эрнест Карыбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, шайлоо эл аралык шайлоо эрежелерин бузуу менен өтүүдө. Уюштуруучулардын белгилешинче, азыркы парламенттеги беш саясий партия кайрадан парламентке келүү үчүн мыйзамдарды одоно бузуп жатышат, бул беш партия мүчөлөрү өкмөттө, бийликте отургандар кызматын тапшырып берише элек, жарандардын биометрикалык маалымат базасы түзүлүп, биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандардын добуш берүүгө киргизилбеши добуш берүү эркиндиги тууралуу эл аралык эрежелерди бузат. Бул маселелер бүгүнкү иш-чарада ортого салынмакчы.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 саясий партия катышууда.(ZKo)