Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү айрым көчөлөр ушу тапта жабык турат. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын "Ала-Тоо" аянтында уюштурууга байланыштуу Манас, Чүй, Жаш Гвардия жана Жибек Жолу көчөлөрү саат 8ден 12ге чейин маал-маалы менен жабылып турарын кечээ Ички иштер министрлиги эскерткен болчу.
Советтик Кыргызстанды дээрлик чейрек кылым башкарып турган Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жубайынын сөөгүнүн жанына коюлат. (RK)