Чүйдүн Жайыл районунда унаа кырсыгынын айынан Кара-Балта суусуна мазуттун төгүлүшү нормадан бир нече эсе жогору экени катталган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин Жайыл району боюнча башкы дарыгери Осмоналы Жолдошбаев билдирди. Анын айтымында, окуя болор замат суунун анализдери алынган. Жыты боюнча норма 0 балл болушу керек, бирок бул көрсөткүч 2-4 эсе жогору экени аныкталган:
- Жыты боюнча анализ алганда суу төгүлгөн жерде 4 балл, андан төмөнүрөөк жерде 2 балл болчу. Ал эми ылдыйыраак жагы таза экени аныкталган. Азыр дагы кошумча анализ алып, текшерип жатабыз.
Жолдошбаевдин айтымында, аким баштаган атайын штаб түзүлүп, адамдар зыян тартпашы үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Суу аралап өтүүчү аймакта жайгашкан айыл өкмөттөрүнө тургундарга таза суу ташып келип берүү тапшырмасы берилди.
8-сентябрда түштөн кийин Бишкек–Ош унаа жолунун 110-чакырымында Кочкор-Атадан Кара-Балтага бара жаткан кара май ташуучу унаа жолдун жээгине оодарылып кеткен. Ичиндеги 34 тонна майдын 3 тоннасы жолдун четине, азыраак бөлүгү Кара-Балта суусуна төгүлгөн.
Унаанын айдоочусу жабыркаган жок. (RK)