Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

60 миң сом төлөп, кыска убакытта аскерий кызмат өтөөгө уруксат берүү сунушталууда


Кыргызстанда аскердик милдетти 40 күн ичинде өтөөгө кайрадан уруксат берүү сунушталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы Арстан Керималиев маалымдады. Анын айтымында, кызмат өтөөнүн жеңилдетилген түрүн кайра киргизүү мобилизациялык резервди толуктоого көмөк болот.

- Жылына 5-7 миң жоокер гана кызмат өтөйт. Бизде мобилизациялык резерв өтө азайып кетти. Аскерге келбегендерге кыска убакытта кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн кайра бериш керек,- дейт Керималиев.

"Аскердик милдет жөнүндө" мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизилсе 40 күндүк кызмат өтөө акысы 60 миң сом болот. Коргоо министрлиги ар бир аймакта окуу борборун ачат.

2009-жылы министрлик бир айлык кызмат эрежесин киргизген. Анын акысы 12 миң сом болчу. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети менен ал эреже жокко чыгарылган. (JM)

XS
SM
MD
LG