Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Еврокомиссия качкындарды бөлүштүрүү программасын сунуш кылды


Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер мигранттар көйгөйүн чечүү боюнча жаңы план менен тааныштырды. 9-сентябрда ал Европарламент депутаттарына ушу тапта Грекия, Венгрия жана Италияда топтолуп турган 120 миңдей бозгунду биримдиктин калган өлкөлөрүнө бөлүштүрүү программасын сунуш кылды. Программада ошондой эле буга чейин жайгаштырыла элек 40 миң качкындар проблемасы да камтылган.

Программага ылайык Евробиримдиктин ар бир мүчө өлкөсүнө 160 миң кишини кабыл алуу боюнча милдеттүү квота чегерилмекчи. Юнкер Европада баш калка издегендердин көбүн Сириядагы жарандык согуштан качкан кишилер түзөрүн белгиледи.

Мигранттардын басымдуу көпчүлүгү көксөгөн Германия квота системасын колдосо, качкындар каптап өтүп жаткан Венгрия өңдүү өлкөлөр теңдеп бөлүштүрүүгө каршы чыгууда.

Юнкердин айтуусунда, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Европага 500 миңдей мигрант келген.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык көп киши эски континетке ооп келген эмес.

XS
SM
MD
LG