Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

ИИМ: 15-20 кайгуулчуга бир унаа болууда


Кыргызстанда ар бир 15-20 кайгуулчуга бирден гана патрулдук унаа туура келет. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мекеме кайгуул кызматында иштегендерге жеке унаасын пайдаланууга уруксат берилиши мыйзамдуу экенин, унаа жетишсиздиги кырсык болгон жерге дароо жетип барууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтууда.

26-августта Ички иштер министрлигинде Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнө жеке унаасына атайын белги коюп, номур тагып, иши үчүн пайдаланууга уруксат берген буйрук чыккан. Бирок ИИМдин бул демилгеси коомчулуктун кескин сынына кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG